Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалууда

Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте билдирди.

 

Анын айтымында,учурда долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери жүрүүдө. Аны ишке ашырууга болжол менен 4,5 миллиард доллар талап кылынат.

 

Бул максатта кореялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, учурда поезддер Бишкектен Балыкчыга чейин гана каттай алат.