Ордо калаадагы инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды

Ордо калаадагы инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 3 кабаттуу корпусту калыбына келтирүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

 

Ремонт учурунда курч респиратордук инфекциялары менен балдар Улуттук эне-баланы коргоо борборуна жана Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлөт.