Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 29-сентябрда жана 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабык болот.
Убактылуу чектөөлөр Кытайдагы майрамдарга байланыштуу киргизилет. Аталган чек ара пункттары аркылуу транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 4-октябрда жанданат.