Кара-Суу районундагы Жапалак айылында бала бакчанын курулушу аяктады

Кара-Суу районундагы Жапалак айылында бала бакчанын курулушу аяктады.

 

Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин башчысы Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

 

Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 бөбөккө чакталат. Анда бардык зарыл шарттар түзүлүп, эмеректер жана жабдуулар орнотулду. Бала бакчада ошондой эле музыкалык зал жана медициналык кабинет каралган.