Голливуддун сценаристтери 5 айдан берки акциясын токтотушту. Жаңы үч жылдык келишимде сценаристтердин айлык акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу, стриминг кызматтары менен иштөөнү жана жасалма интеллектти колдонууну жөнгө салуу камтылган.
Эми сценаристтер 27-сентябрдан жумушка чыгышы керек.
Эске салсак, Голливуд сценаристтери быйыл майда, ири киностудиялар менен сүйлөшүүлөр токтоп калганы үчүн иш ташташкан.