Кыргызстанда көмүрдү байытуучу эки завод курулат

Кыргызстанда көмүрдү байытуучу эки завод курулат. Бул тууралуу  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Нурлан Шаршеев билдирди.

 

Анын айтымында, заводдун бири Кара-Кече кенинин жанына курулса, экинчиси түштүк аймакта болот. Байытылган көмүрдүн табы жакшы болот. “Д” классындагы импорттолгон 1 миң тонна көмүрдөн 8,8 тонна зыяндуу зат чыкса, байытылбаган көмүрдөн дээрлик 13 тонна чыгып жатат.

 

Бул өтө чоң айырма, — деди Шаршеев. Ал белгилегендей, заводдорду курууга болжол менен эки жыл талап кылынат.