Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда. “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, экинчи окууда кабыл алынды.

 

Документке ылайык, ыйгарым укуктуу органды Министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу дагы каралат.

 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, азыркы күнгө чейин жалпысынан 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 950 кылмыш иши козголгон. Ал эми жарандарга келтирилген жалпы материалдык зыян 690 миллион сомдон ашат.