Ирландияда блогерлерди окута турган университет пайда болот

Ирландияда блогерлерди окута турган университет пайда болот.   Контент жаратуу жана социалдык медиа тармактарындагы атайын адистик кийинки жылдын сентябрында ачылат. Диплому бар блогер болуу үчүн каалоочулар 4 жыл билим алышы керек.   Жогорку окуу жайда бул багытты тандагандарга чыгармачыл жазуу, контент жаратуу, атайын видеолорду тартуу… Кененирээк…

Бишкектиктерге таштандыны туш келди ыргытканы үчүн айып карала турганын мэрия эскертет

Бишкектиктерге таштандыны туш келди ыргытканы үчүн айып карала турганын мэрия эскертет. Административдик жаза 7,5 миң сомго чейин жетет.   Муниципалитет жарандарды таштандыны атайын контейнерлерге гана салып, ал эми жер тамдардын жашоочуларына таштандысын алып кете турган күнү гана көчөгө чыгаруу сунушталат.

Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт

Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт. Мэриянын маалыматына ылайык, линия үч сызыктуу участоктордо гана пайда болот.   Муну менен эки тилке транспорттун бардык түрүнө болсо, бири – автобус, троллейбустарга бөлүнөт.   Учурда муниципалдык кызматтар жол белгилерин даярдап жатат, андан кийин аларды… Кененирээк…

Дүйнөдөгү кыймыл эң жай жүргөн шаар аталды

Дүйнөдөгү кыймыл эң жай жүргөн шаар аталды. Улуу Британиянын борбору ылдамдык боюнча артта калгандар арасында рекорд койду. Мындай маалыматтарды белгилүү голландиялык TomTom изилдөө компаниясы жарыялады.   Жол кыймылынын индексине ылайык, Лондондо болгону 10 чакырым жол жүрүү үчүн айдоочуга 36 мүнөт керектелет. Кыймыл көбөйгөн маалда ылдамдык… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт

Быйыл Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө социалдык маанилүү продукциянын тогуз түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу жогору болушу күтүлүүдө.   Белгилеп кетсек, социалдык маанидеги товарлардын тизмесине ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, эт, кант, күрүч жана чай кирет.

Кыргызстан тышкы карыздын пайызын төлөөгө 8 млрд сомдон ашык жумшайт

Келерки жылы Кыргызстан тышкы карыздын пайызын төлөөгө 8 миллиард сомдон ашык каражат жумшайт. Бул сумма 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорунун тиркемесинде болжол катары көрсөтүлгөн.   Документте өткөн жылы карыздын үстөк пайызын төлөөгө 4 миллиард 800 миллион сом жумшалганы айтылат. Ал эми быйылкы жылы 6 миллиард 900… Кененирээк…

Мал уурулук боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине кайтарылышы мүмкүн

Мал уурулук боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине кайтарылышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин комитети мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.   Документ республикада, өзгөчө айыл жеринде мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу же азайтуу максатында иштелип чыккан.   Мыйзам кылмыштуу топтун курамында жана уюшкан топ тарабынан өзгөчө ири… Кененирээк…

Кыргызстанда сентябрдын башынан бери АИ-95 бензини 3 сомго кымбаттады

Кыргызстанда сентябрдын башынан бери АИ-95 бензини 3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.   Алсак, 1-сентябрда күйүүчү май 68 сом 16 тыйын болсо, бүгүнкү күндө анын баасы 71 сом 18 тыйын болууда. АИ-92 болсо 3,5 сомго кымбаттады, учурда күйүүчү майдын литри орто… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө

Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулду.   «Мир» кинотеатрынын алдындагы аянтта кан басымын өлчөтүп, кант диабетинин бар же жок экендигин аныктап жана дарыгерлерден кеңеш алууга болот», — деп айтылат маалыматта.   Акысыз текшерүүдөн өтүү… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Кубанычбек Самаков ант берди

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Кубанычбек Самаков ант берди.   Ал парламенттеги «Элдик» депутаттык тобунун курамына кирди.   Эске салсак, ушул жылдын 10-сентябрында Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо өткөн.