Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду

Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган турак жайлардын курулушу КР президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.   Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

4-октябрда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 07:31де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга чейин жеткен.   Жер титирөө Нарын районунун Ак-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Президент Кыргызстанда ишине берилип иштеген мугалимдер көп экенин белгилеп, алар бүт өмүрүн, бар күч-дараметин жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар экенин айткан. «Өлкөбүздүн билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына… Кененирээк…

Бишкекте 13-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин отуруму өтөт

Бишкекте 13-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин отуруму өтөт. Президент администрациясынын маалыматына ылайык, самитке Шериктештик өлкөлөрдүн башчылары келет.   Расмий иш-чаранын алкагында мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөөгө багытталган чечимдер кабыл алынат. Белгилеп кетсек, быйыл КМШ органдарында Кыргызстан төрагалык кылууда.

Ошто 3 жер үстүндөгү өтмөк жана эки кабаттуу жол түйүнүн куруу пландалууда

Ошто 3 жер үстүндөгү өтмөк жана эки кабаттуу жол түйүнүн куруу пландалууда.   Түштүк калаа мэриясынын  маалыматына ылайык, объектилер Масалиев – Монуев, Шакиров, Монуев жана Алимжанов кесилиштеринде, ошондой эле Гапар Айтиев менен Курманжан Датка көчөлөр кесилишинде пайда болот.   Долбоордун эскизи даяр болуп, коомдук талкууга… Кененирээк…

Мас абалда кызматтык машинеде жүргөн милиция кызматкерлери иштен алынды

Ысык-Көл облусунда туристтик экологиялык милиция кызматкерлери мас абалда кызматтык автоунаада жүргөнү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Натыйжада эки милиционер иштен кеткенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.     «Ысык Көлдөгү милиция кызматкерлеринин терс жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал чечим чыгарылды. Кызматтык иликтөөдө… Кененирээк…