Кыргызстанда нандын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда нандын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу киргизилди.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, кеп биринчи сорттогу ундун нанына жана токочуна тиешелүү.   Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасынын кескин кымбаттап кетишин алдын алуу максатында киргизилди.

Германия кыргызстандык мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтарат

Германия алты өлкө, анын ичинде Кыргызстан менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Документ мыйзамсыз мигранттарды тез арада мекенине кайтарууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы жазып чыкты.   Маалыматка караганда, азыр немис өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения жана Колумбия менен… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу 3 континетте өтөт

  Футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу 3 континетте өтөт. Маалымат каражаттары жазышкандай, 2030-жылы мундиалды бир учурда алты өлкө кабыл алат.   Турнирдин негизги ээлери – Испания, Португалия жана Марокко болот. Бирок алгачкы беттештер Аргентина, Парагвай жана Уругвайда өтөт. Белгилеп кетсек, 2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШ,… Кененирээк…

Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль багындырды

Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль багындырды. Ал кыз-келиндер арасындагы марафондо чуркап, 17 спортчунун арасынан үчүнчү болуп келди.   Сардана Трофимова марага  2 саат 28 мүнөт 41 секундда жеткен. Анын жеңиши Кыргызстандын куржунуна алтынчы медалды алып келди. Учурда өлкө… Кененирээк…

Бишкекте көчөлөр, аянттар, аллеялар, шаар парктары жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө киргизилген мораторий жагы 10 жылга узартылды

Бишкекте көчөлөр, аянттар, аллеялар, шаар парктары жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө киргизилген мораторий жагы 10 жылга узартылды. Мындай чечим шаардык кеңештин отурумунда кабыл алынды.   Эске салсак, “Ордо калаанын географиялык объектилеринин аталыштарын өзгөртүүнү жөнгө салуу жөнүндө” токтому 2013-жылы 10 жылга кабыл алынган. Документке ылайык, Бишкекте көчөлөрдүн… Кененирээк…

Бишкек бийлиги муниципалдык транспортто убактысы менен төлөө системасын киргизүүнү пландап жатат

Бишкек бийлиги муниципалдык транспортто убактысы менен төлөө системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, бир жолку,  30 мүнөттүк,  1 сааттык жана бир жарым сааттык төлөмдөр болот.   Аны менен жүргүнчүлөр ошол убакыт аралыгында бардык… Кененирээк…

Бишкекте таштанды музейи ачылат

«Булгануунун тарыхын түшүнүү – Арт проспект & Трэш-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат.   Таштанды музейинин ачылышы 2023-жылдын 7-октябрында «Алтын Казык» конушунда болот. Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, АКШдан, Швейцариядан, Голландиядан,… Кененирээк…

Леонардо Ди Каприо “Титаник” тасмасында кийген костюм ноябрда аукционго чыгарылат

Леонардо Ди Каприо “Титаник” тасмасында кийген костюм ноябрда аукционго чыгарылат. Ал 115 миң доллардан 230 миң долларга чейин бааланууда. Кийим топтомуна өңү өчкөон вельвет шым, комбинезон, көйнөк жана чермей кирет.   Аукцион Лондондо өтөт. Ошондой эле анда “Крестный отец”, “Джеймс Бонд”, “Форрест Гамп” жана “Кариб… Кененирээк…

Министрлер кабинети азык-түлүк интервенциясын жүргүздү

Министрлер кабинети азык-түлүк интервенциясын жүргүздү.   Бул тууралуу Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өткөң жумада Казакстанда товар ташууга тоскоолдуктар жаралгандыктан, өлкөдө ундун баасы кымбаттап, 2-3 күн кармалды.   Бирок бийлик азык-түлүк интервенциясын жүргүзүп, бааны жөнгө салды. Өсүмдүк майы, кумшекер жана ун сыяктуу импорттолгон товарлардын запасы… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суу тартыштыгынан улам Кыргызстан электр энергиясын пландалган көлөмдөн көбүрөөк импорттоого аргасыз

Токтогул суу сактагычындагы суу тартыштыгынан улам Кыргызстан электр энергиясын пландалган көлөмдөн көбүрөөк импорттоого аргасыз. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, учурда Токтогулда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, суунун көлөмү  1 миллиард 850 миллион кубометрге аз. Буга байланыштуу өлкө 2 миллиард киловатт-саатка… Кененирээк…