Ошто 3 жер үстүндөгү өтмөк жана эки кабаттуу жол түйүнүн куруу пландалууда

Ошто 3 жер үстүндөгү өтмөк жана эки кабаттуу жол түйүнүн куруу пландалууда.

 

Түштүк калаа мэриясынын  маалыматына ылайык, объектилер Масалиев – Монуев, Шакиров, Монуев жана Алимжанов кесилиштеринде, ошондой эле Гапар Айтиев менен Курманжан Датка көчөлөр кесилишинде пайда болот.

 

Долбоордун эскизи даяр болуп, коомдук талкууга коюлду. Күтүлгөндөй, документтер боюнча иштер быйыл аяктап, курулуштун өзү 2024-жылдын жазында башталат.