Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду

Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жайлардын курулушу КР президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.

 

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.