Катализатору жок унааларды аныктоо иштери күчөтүлөт

Бишкекте жана өлкөнүн башка ири шаарларында катализатору жок унааларды аныктоо иштери күчөтүлөт. Жаратылыш ресурстар министрлиги билдиргендей, бул түтүнгө каршы алдын алуу чараларын көрүү үчүн зарыл.

 

Текшерүү ИИМдин Патрулдук кызматы менен биргеликте жүргүзүлөт.

 

Пайдаланылган газдар ашыкча бөлүнүп чыкса, жеке автоунаа ээлерине 7,5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.