Дүйнөдөгү эң оор ашкабак АКШда өстүрүлдү

Дүйнөдөгү эң оор ашкабак АКШда өстүрүлдү. Жашылчанын салмагы дээрлик 1 миң 300 килограммды түздү.

 

Ошентип, багбан Трэвис Джинджер эң оор ашкабак боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Сыйлык 30 миң долларды түздү.

 

Маалым болгондой, алп жашылча дагы төрт жеңүүчү менен бирге 14-октябрда өтө турган ашкабак фестивалында көрсөтүлөт.