Жыл башынан бери 400дөн ашык этностук кыргызга кайрылман макамы берилди

Жылдын январь-сентябрь айларында 437 этностук кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

 

Алыбаева булардын ичинен тогуз кишиге жөлөк пул жана сегиз кишиге пенсия чегерилгенин, 11 кишиге жергиликтүү бийликтер жер тилкесин бергенин тактады.