Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, ЖРТга онлайн форматта катталса болот. Тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.