Жыл башынан берки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын Улуттук статистика комитети жарыялады

Жыл башынан берки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын Улуттук статистика комитети жарыялады. Ага ылайык, январь-сентябрь айларында республика аймагында керектөөчү баалар жана тарифтер орточо эсеп менен 5,7 пайызга өстү.

 

Эң чоң секирик Нарын облусунда катталды – 11 пайыз.

 

Статкомдун маалыматы боюнча, спирт ичимдиктери жана тамекинин наркы 10 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 9,5 пайызга, ал эми калкка кызмат көрсөтүү – 6,8 пайызга кымбаттады.