АКШ тургуну өзү менен өзү баш кошуу аземин өткөрдү

АКШ тургуну өзү менен өзү баш кошуу аземин өткөрдү. Аялдын айтымында, ал өмүр бою мыкты үлпөт тоюн өткөрүүнү кыялданып келген. Бир нече жылдардан бери түгөй издеп, акыры таппай калганда өзүнө турмушка чыгууну туура көрдү.   Аял бриллиант шакек алып, досторуна той өткөргөн. Коноктордун алдында ал… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда жол кирени накталай төлөгөндөргө рейд жүрүүдө

Бишкектин коомдук транспортунда жол кирени накталай төлөгөндөргө рейд жүрүүдө.   Мэриядан билдиришкендей, ордо калаанын автобус-троллейбустарында   20-августтан тарта накталай эмес төлөм киргизилген, буга карабай, накталай төлөм алып жаткан айдоочулар аныкталууда.   Текшерүүнүн жүрүшүндө ыктыярчылар айдоочуларды көзөмөлдөп, ал эми жүргүнчүлөр арасында накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин… Кененирээк…

Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак тапшырды

Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак тапшырды.   Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, МИ-8 МТВ вертолету медициналык модуль, кычкылтек аппараты, өрт өчүрүү шайманы жана башка зарыл куткаруу элементтери менен камсыздалган.   Тик учак президент Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн… Кененирээк…

Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды.   Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты бөлүнгөн.   Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар… Кененирээк…

Кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн Кыргызстан Казакстандан 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алат

Кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн Кыргызстан Казакстандан 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алат. Буга чейин эки өлкө ортосунда эки тараптуу макулдашуулар болсо, быйыл Кыргызстан түздөн түз электр кубатын сатып алууга аргасыз.   Быйыл биздин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы   3,2 миллиард киловатт-саатты түзөт.   Буга калктын… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 17-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин Алыкулов көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу — Лев Толстой көчөсү, Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) — ЧЧК менен чектешкен аймакта, ошондой эле… Кененирээк…

Жумгалда 225 орундуу мектеп ачылды

Нарында окуучулар үчүн жаңы мектеп каалгасын ачты. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.   Анын маалыматына караганда Жумгалдагы билим уясын куруу иштери 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.   Эки кабаттуу имарат 225 орунга чакталган.

Бишкекте жол кирени накталай алган айдоочулар аныкталууда

Бишкекте жол кирени накталай алган айдоочуну аныктоого ыктыярчылар жардам берүүдө.   Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык автобус-троллейбустарда атайын рейддер уюштурулуп жатат. Ага жалпысынан 60 ыктыярчы тартылган.   20-августтан тартып коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Буга байланыштуу ыктыярчылар менен биргеликте коомдук… Кененирээк…

Милиция жарандарды чөнтөк ууруларынан этият болууга чакырат

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды чөнтөк ууруларынан этият болууга чакырат.   Коомдук транспортто өзгөчө сак болуу зарыл, анткени акыркы учурда жеке буюмдарды уурдоо фактылары көп катталууда.   ИИМ капчык, телефон жана башка баалуу буюмдарды сырт чөнтөккө салбоо керектигин эскертет.

Бириккен күрөш дүйнөсү балбандардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү балбандардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Ал Кытайда өткөн Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.   Анда кыргызстандык спортчулар эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча үч салмак категориясында лидер болушту.   Биринчи орундарга Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Айсулу Тыныбекова чыкты.  … Кененирээк…