Улуттук курама команда Азиянын паралимпиада оюндарына катышат

Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азиянын паралимпиада оюндарына катышат. Бүгүн, 16-октябрь күнү улуттук курамага Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын туусу тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, курама командага ийгилик каалады.

Азиянын паралимпиада оюндары 20-30-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан спорттун 6 түрүнөн: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон 29 спортчу катышат. Мындан сырткары курама командада машыктыруучулар, спортчуларга көмөк көрсөтүүчү атайын гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Быйыл январда кыргызстандык спортчулар Португалияда өткөн парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга жетишкен. Алардын бири Хайитхон Хусан кызы 2021-жылы Жапонияда өткөн паралимпиада оюндарынын катышуучусу болгон.