Ысык-Көл жээгиндеги алгачкы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Ысык-Көл жээгиндеги алгачкы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Президент администрациясынан билдиришкендей, эл аралык талаптарга жооп берген конок үйү Кара-Ой айылында жайгашат.

 

Курулуштун мөөнөтү 3 жыл деп белгиленди. Эске салсак, Ысык-Көлдөгү 5 жылдыздуу мейманканын курулушу министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда жетишилген инвестициялык макулдашуунун алкагында жүргүзүлөт.