Токтогул суу сактагычында суунун жалпы көлөмү 11 миллиард 800 миллион кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун жалпы көлөмү 11 миллиард 800 миллион кубометрди түздү. Бүгүнкү күнгө карата маалымат менен “Электр станциялары” компаниясы бөлүштү.

 

Суунун башкы резервуарга агып кириши секундасына  300 кубометрди түзсө, чыгышы 170 кубометрге барабар. Белгилеп кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде Токтогулдагы нымдуулуктун жалпы көлөмү дээрлик 2 миллиард кубометрге көп болчу.