Бишкектин Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүндө коомдук транспорт линиясы кийинки жумаларда пайда болот

Бишкектин Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүндө коомдук транспорт линиясы кийинки жумаларда пайда болот. novosti.kgге Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, учурга карата көчөнүн Ахунбаев – Бөкөнбаев тилкесине сызыктар түшүрүлдү.   Андан кийин жол белгилери орнотулуп, иштер Бөкөнбаев – Жумабек участогунда улантылат.   Эске салсак, алгачкы… Кененирээк…

Кемин районунда күн электр станциясы курулат

Кемин районунда күн электр станциясы курулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров станция алдына жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө токтом долбооруна кол койду.   Ага ылайык, Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Дүйшеев айыл аймагында 28,5 гектар жер бөлүнөт. Бул жер айыл чарба багытынан чыгарылып, күн батареяларын курууга… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда.   УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө түйүнүндө 410 жүк ташуучу унаа токтоп турат.   Эки өлкөнүн чек арачылары тарабынан жүк өткөрүүгө чектөө киргизилген эмес, бардык өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат. Ал… Кененирээк…

«Айыл чарбасын каржылоо — 11»: 7 миңден ашык дыйканга насыя берилди

Бүгүнкү күнгө карата «Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоорунун алкагында 7 миңден ашык дыйканга насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Каражаттын басымдуу бөлүгү өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча берилген. Андан кийин мал чарбачылык менен алектенгендер кредит алышкан.   Бардыгы болуп эки категория боюнча… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусундагы айрым жолдорго эки күн чектөө киргизилет

Бишкек жана Чүй облусундагы айрым жолдорго эки күн чектөө киргизилет.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 25-27-октябрда Кыргызстанда ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Манас” аэропортунан Бишкекке чейинки жол, Чүй, Манас, Айтматов проспектилери жана Фучик, Садырбаев көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.… Кененирээк…

Кыргызстанда тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 11 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы кездеме токуу жана тигүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү ушул жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд сомдон ашты. Бул былтыркы тогуз айдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.   Белгилеп кетсек, жеңил өнөр жай тармагынын дээрлик 100 пайызы экспортко кетет.

Кытайдан Кыргызстанга жеңил унаалардын импорту көбөйдү

Кытайдан Кыргызстанга жеңил унаалардын импорту көбөйдү. Коңшу мамлекеттин Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-сентябрь айларында биздин өлкөгө 25,5 миң жеңил унаа алынып келинген.   Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 834 гана бирдик болгон. Бул 31 эсе аз дегенди түшүндүрөт.   Доллар… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Бирок ашууларда карга айланган жаан жаап жатат.   Унаа жана жолдор министрлиги дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштайт.   Учурда жолчулар трассаларды тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.

Эртең Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Жарандар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.

Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча «Айкөл-3» атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Сириядан Кыргызстанга атайын рейс менен Кыргызстандын жарандары — 21 аял жана 62 бала алып… Кененирээк…