Көзү азиз кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль утту.
48 килограмм салмакка чейинки категориядагы спортчу финалда япониялык атаандашы Хангаи Шизуканы жеңип, 1-орунду багындырды.
Белгилеп кетсек, муну менен дзюдочу Пара Азия оюндарынан Кыргызстанга эгемен тарыхтагы алгачкы алтынды утуп берди.