Ысык-Көл облусунда трансформаторлор алмаштырылып жатат

Ысык-Көл облусунда трансформаторлор алмаштырылып жатат. Аймактык электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, Ак-Суу районундагы “Нововознесеновка” подстанциясы жаңыртылды.

 

Бул объект 12 айылдын тургундарын электр энергиясы менен камсыздайт. Подстанциянын кубаттуулугу көбөйтүлдү. Ушундай эле иштер буга чейин Чок-Тал, Түп, Ой-Тал, Бөкөнбаев жана Кара-Ой подстанцияларында жүргүзүлгөн.