Бишкекте салттуу күзгү жарманкелер башталды. Мэриядан билдиришкендей, айыл чарба жарманкелери эс алуу күндөрү Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө уюштурулат.
Бул жерден шаар тургундары айыл чарба продукциясын, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз жеткиликтүү баада алса болот.