Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат

Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, тоолуу аймактарда карга айланган жаан жаап жатат.

 

Жол кызматтары трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдар себилүүдө. Өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык, чектөөлөр жок.