Назым Нурланов Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль алды

Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Назым Нурланов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу мелдешке 75 кг чейинки салмакта катышкан.   Аталган оюндарга учурда Кыргызстандын каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча… Кененирээк…

Кипрдин тургуну бокал менен бийлеп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Кипрдин тургуну башына 319 бокал тизип бийлеп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. 62 жаштагы Аристотелис Валаоритис 1995-жылдан бери салттуу искусство болгон айнек менен бийлеп, машыгып келген.   Тогуз катар тизилген жана жалпы салмагы 30 килограммга жакын 319 бокалды башына кармоо үчүн адам алгач атайын көнүгүүлөрдү жасап, мойнун… Кененирээк…

Тоң районунун тургуну 60 жылдык мааракесин адаттан тыш белгиледи

Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын тургуну Рысбек Мусабаев 60 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулткан 5 миң долларга жергиликтүү мектепке 500 китеп, эмерек жана жабдууларды сатып берди.   Ошондой эле, билим берүү мекемесинде салттуу коңгуроонун ордуна “комуз күүлөрү” программасы орнотулду.   Рысбек Мусабаевдин демилгесин ишке ашырууга уулу… Кененирээк…

Ушул жумадан тарта көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Ушул жумадан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.   Катуу отунга бааны көзөмөлдөө үч ай бою күчүндө болот. Мындай чечим көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды.   Көмүрдүн… Кененирээк…

Таласта көп функционалдуу жаңы спорт комплекси ачылды

Таласта көп функционалдуу жаңы спорт комплекси ачылды. Объект Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан. Анда машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар каралган.   Комплекс спорттун ар кандай түрлөрү боюнча ден соолукту чыңдоого, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Тактап айтканда, баскетбол, волейбол, футзал,… Кененирээк…

Сокулукта аз камсыздалган 12 үй-бүлө турак жайлуу болду

Сокулукта аз камсыздалган 12 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Алтын-Ордо жаӊы конушундагы үйлөр коомдук бирикменин демѳѳрчүлүгү менен курулуп, көп балалуу аялдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды.   Анда бардык шарттар каралган.