Кечээки “кооз датада” жүздөн ашык түгөй баш кошту

Кечээки “кооз датада” жүздөн ашык түгөй баш кошту. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте 50 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 39 салтанат Бакыт үйүндө өткөн.

 

Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 22 салтанат өттү. Ведомстводон кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.