Бүгүн жана эртең Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары болот

Бүгүн жана эртең Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары болот.

 

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сапар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чакыруусу менен өтөт.

 

Анын алкагында президент менен жолугушуулар, эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелерди талкуулоо жана документтерге кол коюу пландалды. Андан кийин премьер 26-октябрда өтө турган ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Кеңешине катышат.