Салыктар боюнча карыз жөнүндө маалымкатты камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу маалыматты эми онлайн алса болот

Салыктар боюнча карыз жөнүндө маалымкатты камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу маалыматты эми онлайн алса болот.

 

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул үчүн cabinet.salyk.kg сайтында жеке кабинетке мүмкүнчүлүк болушу керек.

 

Сервис транспорт каражатына жана кыймылсыз мүлккө салыктар боюнча маалымкаттарды берет. Документ иштелип чыгып, жарандын жеке кабинетине 2 жумуш күнүндө жөнөтүлөт. Ал кагаз версиясындай эле юридикалык күчкө ээ.