Кыргызстанда электрондук капчыктарды депозиттерди коргоо программасына кошуу пландалууда

Кыргызстанда электрондук капчыктарды депозиттерди коргоо программасына кошуу пландалууда.   Бул тууралуу депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.   Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда каралып жатат. Ал кабыл алынгандан кийин жарандардын электрондук капчыктагы 1 миллион сомго чейинки каражаты коргоого алынат. Чиновник… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн саат 16:00дө троллейбустар кайрадан токтотулат

Ордо калаада бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Муниципалитет мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгенин белгиледи. Троллейбустар качан ишин жандантары тууралуу кийинчерээк айтылат. Эске салсак, троллейбустар каттамын кечээ да токтотуп, мэрия муну… Кененирээк…

Бишкектеги «Ожак кебап» кафеси буздурулуп жатат

Бишкектин Чүй/Шопоков көчөсүндө жайгашкан «Ожак кебап» кафеси буздурулуп жатат.   Шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, аталган кафе жөө адамдар өтө турган тротуардын аянтын ээлеп алган үчүн буздурулууда.   «Бул жер негизинен 5 жылдык ижарада болчу. Ушул жылдын 8-августунда комиссиянын чечими менен ижара келишими жокко чыгарылган.… Кененирээк…

2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 19 млрд сомдон ашат деп күтүлүүдө

2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 19 миллиард сомдон ашат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.   Чиновник кошумчалагандай, келерки жылы бюджеттин киреше бөлүгү 378 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 358 миллиард сом болот.  … Кененирээк…

Грэпплинг боюнча курама команда дүйнөлүк оюндарда эки коло медаль жеңди

Сауд Аравияда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасы эки коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, байгеге Сыймык Махмедов жана Евгений Слесаренко ээ болушту.   Эске салсак, буга чейин самбо боюнча курама команда үч… Кененирээк…

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси тышкы жана ички кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турат.   Соңку учурда чет элдик валютага суроо-талаптын сунуштан ашып кеткени байкалууда. Бул сезондук факторго байланыштуу,… Кененирээк…

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Тыгындарды болтурбоо үчүн мындай чара аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.   Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан башка айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу… Кененирээк…

Жазгы ЖРТ сертификаттары ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда жарактуу болот

Жазгы ЖРТ сертификаттары ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда жарактуу болот. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.   Анын айтымында, эгерде абитуриент жазында окууга өтүп, бирок кандайдыр бир себептерден улам кабыл… Кененирээк…

Жаза аткаруу кызматынан СИЗО-1 кайда көчүрүлөрүн айтып беришти

Жаза аткаруу кызматынан СИЗО-1 кайда көчүрүлөрүн айтып беришти. Ведомстводон билдиришкендей, тергөө абагынын жаңы имараты Бишкек шаарынан 22 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Төмөнкү Нооруз айылында болот.   СИЗО-1 эки миң адамга ылайыкталат.   Маалым болгондой, түрмөнү Бишкектен көчүрүү үчүн президенттик фонддон 26 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.

Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттуу болот. Анда спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл нерселер камтылат.   Билим берүү мекемесин келерки жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.