Республикада жакынкы 2 жылда 204 мектептин курулушу аяктайт

Республикада жакынкы 2 жылда 204 мектептин курулушу аяктайт. Буга Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, бул имараттардын курулушу 2015-жылдан бери бүтпөй келет. Жыл аягына чейин 59 жалпы билим берүү мекемеси ачылат. Ал эми кийинки жылы 100 мектептин курулушу жыйынтыкталат деп пландалууда, — деди чиновник.