Милиция алдыдагы эки күндө Бишкек жарандарына унаа менен шаарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт. Ички иштер министрлигинен эскертишкендей, 25-октябрдан 27-октябрга чейин ордо калаада КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ саммити өтөт.
Жогорку даражадагы коноктордун келишине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Андан улам узак тыгындар орун алышы ыктымал.