Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин отурумунда күн тартибине 30 суроо киргизилди.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия департаментинин жетекчисинин орун басары Нурлан Арипов билдирди.
Анын айтымында, тараптар ЕАЭБдеги 2030-2045-жылдарга карата негизги багыттарды талкуулашат. Андан тышкары, рейтингдик агенттикти түзүү, өнөр-жай тармагында долбоорлорду ишке ашыруу жана башка суроолор бар. Эске салсак, Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин отуруму Бишкекте 26-октябрда өтөт.