Ат-Башыдагы эт комбинаты жакында ишке кирет
Ат-Башыдагы эт комбинаты жакында ишке кирет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Анда бышырылган уй, жылкы, топоздун эттери, ошондой эле жарым-жартылай даяр продукциялар чыгат. Белгиленгендей, азыктарды чет өлкөлөргө сатуу аракети көрүлүүдө. Эске салсак, комбинаттын курулуш иштери 2020-жылы башталган.