Кыргызстанда Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап өсүүдө

Кыргызстанда Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап өсүүдө.  Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 125 килограммдан ашык салмактагы алтын куймалары 746 млн сомго сатылган.

 

Улуттук банк да өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алууда, өткөн жылы 245 млн сомго 44 кг сатылып алынган, — деп кошумчалады Карабаева.