Бишкекке Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин келди

Бишкекке Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин келгенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

 

Билдирмеге караганда, аны «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган.
Белгилей кетсек, Михаил Мишустин 26-октябрда Бишкекте өтө турган ШКУ, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышмакчы.