Ирандын биринчи вице-президенти Кыргызстанга келди

Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

 

Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.