Бишкекте 4 миң милиция коомдук тартипти камсыздоодо

25-27-октябрда Бишкекте милиция кызматкерлери ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкнедей, кыргыз милициясы жогоруда аталган мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоону жогорку деңгээлде жүзөгө ашыруу үчүн бардык чараларды көрүшүүдө.

 

Белгилей кетсек, бул күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4000 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.