“Абдыш-Ата” Тажикстандын “Равшан” футболдук клубу менен беттешет

Ата-мекендик “Абдыш-Ата” Тажикстандын “Равшан” футболдук клубу менен беттешет. Оюн эртең, 26-октябрда коңшу өлкөнүн Гиссар шаарында, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де  башталат.   Спорттук иш-чара Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турунун алкагында уюштурулууда.

“Санарип көчмөн” долбоору туруктуу иштеши мүмкүн

“Санарип көчмөн” долбоору туруктуу иштеши мүмкүн. Экономика министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.   Ведомство өткөн жылы башталган пилоттук программа бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатканын белгилейт. Алсак, жыл ичинде дээрлик 4 миң арыз түшүп, 1 миң 600гө жакын адам аталган макамга ээ болгон.  … Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.   Маалыматта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен күйүүчү майга мониторинг жүргүзгөнү айтылат.   Белгиленгендей, дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлүп… Кененирээк…

АКШда жүргүнчү анын үстүнө кофе төгүлгөнү үчүн авиакомпанияны сотко берди

АКШда жүргүнчү анын үстүнө кофе төгүлгөнү үчүн авиакомпанияны сотко берди. Вьетнамдан Нью-Йоркко учуп бараткан адам борт коштоочудан суусундук берүүнү суранган.   Стюардесса ысык кофени кокусунан эркектин колуна төгүп алган. Мындан улам жүргүнчү өзүн ыңгайлуурак орунга алмаштырууну суранган, бирок ага уруксат берилген эмес.   Доо арызында… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлиги TikTok’ту бөгөттөөдө техникалык кыйынчылыктарга туш болууда

Санариптик өнүктүрүү министрлиги TikTok’ту бөгөттөөдө техникалык кыйынчылыктарга туш болууда. Бул тууралуу “Азаттык” Маданият министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимовго шилтеме берүү менен билдирди.   Анын айтымында, иш аягына чыга элек жана TikTok’ко тыюу салуу чечими өзгөрүүсүз турат.   Чиновник ошондой эле социалдык тармактын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп… Кененирээк…

Кыргызстанда 40тай көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Кыргызстанда 41 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактары» ишканасынан билдиришти.   Анын натыйжасында ашыкча жүктөөлөр азайып, жаңы абоненттерди сапаттуу чыңалуу менен камсыздоого шарт түзүлгөнү белгиленди.   Ошондой эле, мындай масштабдуу модернизациялоо соңку жылдары биринчи жолу жүргүзүлүп жатканы айтылды.  

Лондондо легендарлуу “Битлз” группасынын үйү сатыкка коюлду

Лондондо легендарлуу “Битлз” группасынын үйү сатыкка коюлду. Особняк грузин стилинде курулган жана оригиналдуу паркет полдору, гипс панелдери, алтын жалатылган шыптары жана бир нече очоктору бар.   Башында үй аталган топтун менеджерине таандык болгон. Бирок “Битлздын” популярдуулугу арткан сайын, музыканттар үчүн резиденция табуу зарылчылыгы келип чыккан.… Кененирээк…

Жаңы Ак үйдүн жанына башка объекттерди курууга тыюу салынды

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын жанына башка объекттерди курууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.   Документке ылайык, 500 метр радиуста кыймылсыз мүлк курууга болбойт. Бирок мындай талаптын мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга тиешеси жок.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу келерки жылы аяктайт

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу келерки жылы аяктайт. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трасса болжол менен июль айында ишке кирет.   Долбоордун жалпы баасы 800 миллион доллардан ашты.   Белгилеп кетсек, узундугу 433 чакырымды түзгөн жол Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман… Кененирээк…