Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жума күнү жыйынтыкталат

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жума күнү жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертет. Тест тапшырууну каалагандар  27-октябрга чейин документтерди тапшырууга жетишип калышы кере.

 

ЖРТга онлайн каттоо райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө жана Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун сайтында онлайн форматта жүргүзүлөт. Сынакка жалпы жана орто кесиптик билими бар жарандар катыша алат.