Пара Азия оюндары: Жалалидин Абдувалиев экинчи ирет күмүш медаль тагынды

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында экинчи ирет күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.

 

Спортчу 1 миң 500 метр аралыкты коштоочусу Артем Шапилов менен 4 мүнөт 30 секунд убакытта чуркап өтүшкөн.

 

Эске салсак, Жалалидин Абдувалиев буга чейин 5 миң метр аралыкты 17 мүнөт 15 секунд убакытта чуркап өтүп, 2-орунду алган.