Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Эми анын ордуна Айбек Жунушалиев келгени белгилүү болду. Ал баш калааны 2021-жылдан 2022-жылга чейин башкарган.
Кийин ал президенттик администрациянын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул кызматты аркалап келаткан.