Баткенде КММАнын окуу-медициналык комплексинин курулушу уланууда

Баткенде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин курулушу уланууда. Капсула ушул жылдын июнь айында салынган.

 

Окуу-медициналык комплекс көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулат. Мекеме заманбап жабдуулар менен жабдылат.

 

Мындан тышкары жыйындар залы, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана күндүзгү стационар болот.

 

Объект пайдаланууга берилгенден кийин 90 медициналык адис иш менен камсыз болот.