Эртеңден тарта Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан баштап ар бир автобус-троллейбуста картасы жок жүргүнчүлөр айдоочудан билет сатып алышы керек. Ал эми картасы барлардын жол киреси азыркыдай эле 11 сомдон айланат.