Ош шаарында жылуулук 10-ноябрга чейин берилет

Ош шаарында жылуулук 10-ноябрга чейин берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге түштүк борбордун мэриясынан билдиришти.

 

Муниципалитет жылытуу мезгилин баштоо боюнча так чечим жакынкы күндөрү аба ырайынын шарттарына жараша кабыл алынарын белгилейт.

 

Адаттагыдай эле биринчи кезекте мектеп, бала бакчалар, ооруканалар жана социалдык камсыздоо мекемелери жылуулук алат. Андан кийин турак жайлар жана ишканаларга кое берилет.