Дүйнөдөгү эң кымбат шоколад Индияда жасалды

Дүйнөдөгү эң кымбат шоколад Индияда жасалды. Трюфель таттууларынын килограммынын баасы 6 миң 221 долларды түзөт.

 

Аны жасоодо кондитерлер ямайканын кофесин, таити ванилининин какао буурчактарын жана бельгиянын ак шоколадын колдонушкан. Дал ушул сейрек кездешүүчү азыктардын аркасында десерттин баасы аныкталды.

 

Таттуу дүйнөдөгү эң кымбат деп таанылып, Гиннестин рекорддор китебине кирди.