Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Эске сала кетсек, өлкөнүн башкы каржы мекемеси өткөн жылдын март айында эсептик ченди 10 пайыздан 14 пайызга чейин кескин жогорулатып, ноябрдын аягына чейин сактап, андан кийин 13 пайызга… Кененирээк…

АКШ Кыргызстандагы бала бакчаларга 3 млн доллар бөлөт

АКШ Кыргызстанда мектепке чейинки бала тарбиялоо системасын жакшыртууга 3 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Долбоор балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында ишкер аялдарга балдарды өнүктүрүү борборлорун ачууга шарт түзүлөт.   Үч жыл аралыгында 100дөн… Кененирээк…

Нарындык окуучу Венгрияда өткөн дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду

Нарындык окуучу Венгрияда өткөн дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Алихан Айдарбеков билимин информатика сабагы боюнча сынаган.   10-класстын окуучусу келечекте программист болууну максат кылат. Ал учурда эне тилинен сырткары англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.   Белгилеп кетсек, аталган олимпиадага дүйнөнүн… Кененирээк…

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Ал эми Төө-Ашууда кар жаап, жолчулар инерттик материалдарды сээп жатат.   Эске салсак, буга чейин синоптиктер бүгүн жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай… Кененирээк…

Месси сегизинчи жолу «Алтын топту» жеңип алды

Месси сегизинчи жолу «Алтын топту» жеңип алды. Планетанын мыкты футболчусун тандоодо сыйлык тапшыруу аземи Парижде өттү.   Добуш берүүнүн жыйынтыгында экинчи орунду «Манчестер Ситинин» чабуулчусу Эрлинг Холанд ээледи. Анын командалашы, бельгиялык Кевин де Брюйне үчүнчү болду.   Месси сыйлыкты алуу боюнча рекордсмен, тарыхта сегиз жолу… Кененирээк…

Кара-Кечеде көмүрдү байытуучу завод курулат

Кара-Кечеде көмүрдү байытуучу завод курулат. Тиешелүү келишимге Кыргызстан менен Кытай кол койду. Ага ылайык, тараптар заводдун курулушун биргелешип жүргүзөт жана узак мөөнөттүү долбоорлорду чогуу ишке ашырат.   Эске салсак, 25-октябрдагы Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлган. Анын арасында Кыргызстанда… Кененирээк…

Кыргызстанда казино ойногон кыргыз жарандарын 2-5 жылга соттоо сунушу даярдалууда

Кыргызстанда казино ойногон кыргыз жарандарын 2-5 жылга соттоо сунушу даярдалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу документти кароо учурунда белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, тийиштүү мыйзам долбоору жакында сунушталат.   Учурда өлкөдө чет элдиктер үчүн ачылган эки казино иштеп жатат.… Кененирээк…