Пенсиялык төлөмдөрдүн токтогондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Пенсиялык төлөмдөрдүн токтогондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Социалдык фонддон билдиришкендей, социалдык тармактарда 1-декабрга чейин Соцфондго пенсия китепчесин жана паспорттун көчүрмөсүн тапшыруу керектиги, болбосо 1-январдан тарта пенсияларды төлөө токтотула тургандыгы жазылган билдирүүлөр тарап жатат.

 

Мекеме мындай маалыматтар жалган экенин белгилейт. Жарандар расмий булактарга гана ишенүүсү керек.