Экономика министрлиги 31-декабрга чейин бизнести текшерүүгө тыюу салууну сунуштады

Экономика министрлиги 31-декабрга чейин бизнести текшерүүгө тыюу салууну сунуштады.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте жазылгандай, мындай демилге жеке ишкерлерди орунсуз текшерүүлөрдү кыскартууга жардам берет.

 

Бирок ар кандай кылмыш иштери боюнча, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суранычы менен, физикалык  жана юридикалык жактардын арызы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлө берет. Ошондой эле Бажы кызматы тарабынан  көзөмөл алдындагы товарларды текшерсе болот.